Жождун окуу план, программаларында жана окуу китеп, окуу куралдарында кыргыз фразеологиясынын берилиши - страница 5


(ЖОЖдун педагогика адистигин окуган студенттерге 1-2-лекция, 4-5-практикалык сабактар өтүлөт.)

ЖОЖдо окутуунун формалары–бул студенттин окуу ишмердүүлүгүн туруктуу уюштуруу жолдору. Окутуучу алар аркылуу окутуу процессинде студентти билим, адат, көндүмдөргө үйрөтөт, тарбиялайт, өнүктүрөт. Окутуунун формаларынын төмөндөгүдөй түрлөрү бар:

Теориялык билимге багытталган формалар: лекция, семинар, лабороториялык иш, экскурсия, өз алдынча аудиториялык иш, конференция, консультация ж.б.;

Практикалык даярдыкка багытталган формалар: практикалык сабак, курстук иш, дипломдук иш, практиканын бардык түрлөрү, иштиктүү оюн ж.б.

Лекция – ЖОЖдо окутуунун методу да, формасы да болуп эсептелет. Окутуунун методу катары илимдин мазмунун оозеки түрдө ырааттуу, системалуу баяндайт. Лекциянын көптөгөн түрлөрү бар: жалпы системалуу курс, киришүү, обзордук, атайын курс ж.б. ЖОЖдун педагогикасында лекциянын сапатын баалоонун критерийлери катары төмөнкүлөр белгиленген :

Студенттердин катышуусу;

Көпчүлүктүн аны жазышы;

Мазмунунун

идеялык багыты;

б) деңгээли;

г) татаалдыгы;

д) конкреттүү мисалдар менен коштолгондугу;

Студенттерди ойлонууга түрткөн суроолордун берилиши;

Айтылган материалдардын далилденгендиги;

Аудиториянын деңгээлинин эске алынышы;

Лектордун жүрүм-туруму;

Окутуучу менен студенттин мамилеси;

Аудиторияны башкаруу. [ 51,148-б.]

Лекциянын план, структурасы, критерийлери туура сакталып өтүлгөн төмөнкү лекция биз тандап алган лекциянын түшүндүрүп- иллюстрациялап өтүлгөн түрүнө жана ЖОЖдо окутуунун негизги түрү болгон лекция формасынын жалпы жоболоруна туура келип, студенттердин жаңы билим, көндүм, адаттарга ээ кылууда көздөгөн максатты ишке ашырмакчы.


1- лекция: Фразеология жөнүндө жалпы түшүнүк.

1. Фразеология - тил илиминин бир тармагы, анын изилдөө обьектиси жана изилдениши;

2. Фразеологизмдер жана алардын мүнөздүү белгилери.

3. Фразеологизмдердин эркин сөз айкаштарынан, татаал сөздөрдөн, макал – лакаптардан, сүйлөмдөрдөн айырмасы жана окшоштуктары.

1. Фразеология – тил илиминин бир бөлүмү. Ал өз алдынча лингвистикалык тармак болуп 50-жылдары калыптанган. Биздин өлкөдө анын өнүгүшү советтик тилчи академик В.В.Виноградовдун ысмы менен байланыштуу. Ал фразеологизмдерди изилдөөнүн маселелерин аныктап, алардын түрлөрүн ажыратуу менен фразеологияга негиз салган. Фразеологиянын изилдей турган объектиси - фразеологизмдер. «Фразеология» деген термин гректин «phrazls» - «түрмөк, айкалыш» жана «logos» - «сөз, илим» деген сөздөрүнөн алынган.

Фразеологизмдер - тилибиздин көркөм сөз каражаттары. Мындай сөздөргө кыргыз тили абдан бай. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдерге биринчи жолу Ж.Шүкүров илимий жактан изилдөө жүргүзгөн. Анын «Кыргыз тилиндеги фразеологиялык айкаштар жөнүндө» деген 1956-жылы Кыргыз ССРнин тил жана адабият институтунун жыйнагында жарык көргөн макаласы фразеологизмдерге арналган кыргыз тилиндеги алгачкы эмгек болуп саналат. Андан бери фразеология боюнча жалпы тил илиминде да, түркологияда да (анын ичинде кыргыз тилинде) илимий иштер иштелип, көптөгөн макалалар жарык көрдү. Фразеологизмдер ар тараптан иликтөөгө алынды. Натыйжада фразеология тилдеги өзүнчө сөз каражаттары болгон фразеологиялык айкалыштарды изилдей турган тил илиминин бир бөлүмүнө айланды. Изилдей турган объектиси такталды. Бул ишке өз салымдарын кошкон Ж.Шүкүровдон кийин Ж.Осмонова, Ж.Мамытов, Ж.Мукамбаев, Б.Суранчиева, А.Назаров, Ж.Чыманов, Р.Токсоналиева, Р.Эгембердиев, Г.Жамшитова, И.Исабеков ж.б. окумуштуулар болушту. Азыр да тилибиздин бул тармагы илимий теориялык, практикалык, методикалык жактан иликтенүүдө. Мисал катары, 2001-жылы Ж.Осмонова, К.Коңкобаев, Ш.Жапаровдор тарабынан кайрадан толукталып, 7980 фразеологизмдерди камтыган «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүнүн» иштелип чыккандыгын атасак болот (Лектор фразеология боюнча корголгон илимий иштер, монографиялык эмгектер, сөздүктөр жөнүндө студентке толук маалымат бериши керек).

2. Фразеологизмдердин өзүнө тиешелүү негизги жана кошумча белгилери бар. Негизги белгилери:

Кепте даяр материал катары колдонулушу;

Компоненттүүлүгү;

Маани жактан ширелишип, лексикалык бир бүтүндүккө айланышы;

Өтмө мааниде колдонулушу;

Образдуулугу;

Эмоциялуу-экспрессивдүүлүгү;

Туруктуулугу;

Сүйлөмдө синтаксистик жактан сүйлөмдүн бир мүчөнүн милдетин аткарышы.

Кошумча белгилери:

Башка тилге сөзмө-сөз которулбастыгы;

Синонимдик эквивалентинин болушу.

Фразеологизмдердин негизги белгилеринин ар бирине өзүнчө токтолсок:

Кепте даяр материал катары колдонулушу - фразеологизмдерге мүнөздүү болгон эң негизги белги. Алар адам сүйлөп жаткан учурда эркин сөз айкаштары сыяктуу кайрадан түзүлүп отурбастан ( тамак ичүү; кызыл алма; жардам берүү, биринчи китеп, ж.б.) илгертеден эле кепте тил бирдиги катары колдонулуп, тил казынасына сиңип калган. Мисалы: кол ийрисине тартуу, мыйыгынан күлүү, сары майдай сактоо, ташка тамга баскандай, эрдин кесе тиштөө, эшек такалоо ж.б.

Компоненттүүлүгү. Фразеологизмдер эки, же андан көп компоненттерден турат. Алардын сөз делбей, компонент деп аталышынын себеби, фразеологизмдердин тутумундагы сөздөр ар бири өзүнүн берген маанисинде колдонулбастан, жалпы биригип бир маанини бергендигине байланыштуу, б.а. бүтүндүн бир бөлүгүн түзүп туруучу элемент – компонент деп аталат. Төмөнкү фразеологизмдер: колу жука, жайыл дасторкон, оозу ачык, ак тандай, алдына түшүү - 2 компоненттен; ала жипти аттабаган, жумурткадан кыр чыгаруу, куурай башын сындырбоо, жалпак тилге салуу, капталынан күн көрүнүү – 3 компоненттен; жүргөн жерине чөп чыкпаган, бешиктен бели чыга элек, кара жанды карч уруу, салкын көз менен кароо - 4 компоненттен; ары карап ыйлап, бери карап күлүү; отуну менен кирип, күлү менен чыгуу; оозунан сары ит кирип, кара ит чыгуу; ооз ачып өпкөн, көз ачып көргөн он кулагың менен да, сол кулагың менен да ук ж.б. фразеологизмдер 6-8 компоненттерден турушат .

Маани жактан ширелишип, лексикалык жактан бир бүтүндүккө айланышы. Жогоруда айтылгандай, фразеологизмдердин компоненттери өздөрүнүн алгачкы лексикалык маанилеринен толук же жарым-жартылай алысташып, маани жактан өз ара ширелишип, фразеологиялык бир мааниге биригишет. Мисалы: жылдызы жарык - сүйкүмдүү; арасынан кыл өтпөгөн - ынтымактуу; төбөсү көккө жетүү – кубануу; ат тезегин кургатпай - тез-тез; тарс эсинен чыгуу - унутуу ж.б. Бирок бардык эле фразеологизмдердин маанисин бир синоним сөз менен алмаштырууга болбойт. Кээ бир учурда алардын маанисин бир нече сөздөр, же суйлөмдөр менен түшүндүрүүгө туура келет. Мисалы: карышкырга кой кайтартуу; кашыктап жыйып, чөмүчтөп чачуу; сакасы алчы конуу; тилинен бал тамуу; түндүктөн түшкөн ууру, ж.б. (фразеологиялык сөздүк боюнча берген маанилери айтылат).

Өтмө мааниде колдонулуп, эмоциялуу-экспрессивдүүлүгү, образдуулугу. Фразеологизмдер жөнөкөй сөздөн затты же анын белгилерин атоодо, кыймыл-аракеттин түрдүү кырдаалы ж.б.у.с. түшүнүктөрдү билдирүүдө айтылуучу ойду элестүү туюндуруусу менен айырмаланат. Маселен, эч кимге кара санабаган, жамандык ишке барбаган, бирөөнүн бир нерсесине көз артпаган, жоош, момун адамдардын асыл сапаттарын; адилеттикти, бардыгына тең караган калыстыкты таамай жана таасирлүү туюндуруш үчүн ала жипти аттабаган, кой оозунан чөп албаган, кара кылды как жарган сыяктуу; эпчилдикти, кылдаттыкты, айлакерликти камырдан кыл суургандай; кара суудан каймак алуу; биттин ичегисине кан куйган деген сыяктуу; көрө албастык, ичи тарлык, өзүмчүлдүк, кыйкымчылдык сыяктуу жаман адаттарды ичине кара таруу айланбоо; өз көмөчүнө күл тартуу; жумурткадан кыр чыгаруу; кылдан кыйкым табуу, кылдан кыя бастырбоо деген фразеологизмдер аркылуу туюндурсак, же болбосо «Берекелүү күз айы» дебестен, «Ак төөнүн карды жарылган күз айы», «Жакшылап издеп, сөзсүз таап кел» дебестен, «Сары изине чөп салып, жерден чукуп болсо да таап кел» деп, кебибизде фразеологизмдерди ыктуу колдонсок, айтайын деген оюбуз ары таасирдүү, ары көркөм, ары образдуу да болоору байкалат. Образдуулук дайым эле ачык боло бербейт, бирок аздыр-көптүр болсо да байкалат. Мына ушул образдуулук белгиси фразеологизмдерди тилибизде көркөм сөз каражат катары колдонулушун шарттайт.

Туруктуулугу. Фразеологизмдердин дээрлик көпчүлүгүнүн составындагы компоненттери бири-биринен ажырабай туруктуу келишет. Компоненттердин бирөөнү эле алып салсак, же орун которуштурсак, фразеологиялык жалпы мааниси чыкпай калат. Бирок бардык эле фразеологизмдерди түзүүгө катышкан сөздөрдүн орун тартиби такыр ажырагыс деп айтуу туура эмес. Бул белги айрым учурда бузулат. Сөздөрдүн кошулуп же кемитилип айтылышы, орун тартиби сакталбаган учурлар да кездешет. Бул негизинен ыр түзүлүшүндө муун өлчөмүн, уйкаштыкты бузбоо үчүн жана көркөм чыгармаларда стилистикалык максатка ылайык колдонулат.

Мисалы: «Айтканда тилим албасаң,

Бармагыңды бир жерде

Кесе тиштеп каларсың». («Жаныш-Байыш»)

«Канаттууга кактырбай,

Калкын жоодон сактаптыр.

Калың кыргыз коопсуз,

Жергесин душман баспаптыр.

Тумшуктууга чокутпай,

Туурун жоодон сактаптыр.» («Карач –Көкүл»баяны)

Бул келтирилген мисалдардагы «бармагын кесе тиштөө», «канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай» деген фразеологизмдердин бардык компоненттери чогуу болбостон, ортосуна сөздөр кыстырылып колдонулду.

Сүйлөмдө синтаксистик жактан бир гана сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарышы. Фразеологизмдердин составындагы ар бир компонент өз алдынча сөз катары колдонулбагандыктан, алардын жалпы суммасы бир маанини билдиргендиктен, ар бир компонент өз алдынча сүйлөм мүчөсү боло албастыгы келип чыгат.

Мисалы : 1. Кара жаак, жез таңдай,

Баары келсин тоюма. («Манас»)

2.Үчөөбүз жыйып келген нанды бир үйлүү киши чай менен ичип өзөк жалгадык. (М.Э.)

3. Кара кылды, как жарган

Кан Бакай сөзүн баштады. («Манас»)

4. Ачык оозго сөз айтпа,

Сырты коозго көз артпа. («Манас»)

5. Ташчайнар менен Акбара башы ооган тарапка бет алышып, кулак уккус, көз көргүс жакка жортуп баратышты. (Ч.А.)

Мисалга алынган фразеологизмдер бир гана суроого жооп берип 1- сүйлөмдө сүйлөм мүчөсү боюнча ээ; 2- сүйлөмдө баяндооч; 3- сүйлөмдө аныктооч; 4- сүйлөмдө толуктооч; 5- сүйлөмдө бышыктоочтун милдетин аткарышты.

Фразеологизмдердин жогорку аталган негизги белгилеринин негизинде аныктама чыгарабыз. Демек, тилдеги эки же андан көп компоненттен туруп, пикир алышууда даяр материал катары пайдаланылып, мааниси тутумундагы жеке сөздөрдүн семантикасынан алыстап, ширелишкен бир бүтүндүктү түзгөн, өтмө мааниде колдонулуп, эмоциялуу-экспрессивдүү, образдуулук касиетке ээ болуп, сүйлөмдө грамматикалык жактан бир гана милдет аткарган тилибиздеги көркөм сөз каражаттары фразеологизмдер деп аталат.

Жогорудагы лекцияны окуп жатып, лектор өз кезеги менен эң бир натыйжалуу жана кеңири колдонулган көрсөтмө куралдарынын бири - таблицаларды иллюстрациялап колдонуу менен студенттердин угуу сезимдери менен кошо көрүү сезимдерин да билимди өздөштүрүүгө, эстеп калууга бурдуруп, аудиторияны туура жетектөө менен сабактын максатына жете алат.

Бул таблицаларды жалпы аудиторияга ылайыктап, же ар бир студентке таратылуучу материал катары колдонууга болот. Лекциянын көрсөтмө куралдар менен коштолуп окулушу студенттер тарабынан жазып алууга да ыңгайлуу жана жеңил болуп, аз убакытты талап кылат. Төмөндө мындай таблицалардын үлгүлөрүн беребиз.

ТАБЛИЦА 2.2

КЫРГЫЗ ТИЛ ИЛИМИНИН ТАРМАКТАРЫ



ТАБЛИЦА 2.3

ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕРДИН МҮНӨЗДҮҮ БЕЛГИЛЕРИ

1. Кепте даяр материал катары колдонулушу.

М: ташка тамга баскандай; төө чечкендей болуу; жылкы кыял;

ак жолтой, Ат байгелүү болсун! Куш боо бек болсун!

8154300245254065.html
8154427719457542.html
8154586090492737.html
8154705073362447.html
8154803792925096.html